Биздин сайт эч кимге баш ийбейт жана эч кимге коз каранды эмес. Озунун багытында каалагандай иш алып барат.
Сайттын максаты: алакандай Чон Алай элибизди, районубузду онуктуруу.!!!
Албетте онуктуруу биздин колубуздан келбейт. Эгер бири-бирибизди колдоп аракет кылсак баары болот. Чон-Алайдын онугуусу учун жогорку чиндеги адамдардан баштап эн кичик балага чейин онуктурууну максат койсок албетте баары ишке ашат. Келиниздер ар бирибиз оз тармактарарыбызда, биргеликте районубузду онуктуролу…!
Чоң–Алай району
Чоң-Алай району | |
Чоң-Алай району | |
Өлкө | Кыргызстан |
Облус | Ош |
Seat | Дароот-коргон |
Area | |
• Urban | 1,880 sq mi (4,860 km2) |
Population | |
• район | 25,418 |
Time zone | GMT +6 (UTC+5 or +6) |
Чоң-Алай району – Кыргызстандын Ош облусундагы район. Борбору – Дароот-коргон кыштагы. [1].
Чоң-Алай району Ош облусунун административдик аймагында район болуп 1992-жылы кайрадан түзүлгөн. Түндүк-батышынан Кыргызстандын Баткен облусунун тоо кыркалары, чыгышынан Алай тоо кыркалары, түштүк-батышынан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу, Жерге-Тал району менен чектешет.
Аянты 4860 км2 (Ош облусунун 16,6% ээлейт).Деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте жайгашкан.
Эң бийик жери – Чоң-Алай тоо кыркаларында жайгашкан Ленин атындагы чоку, ал деңиз денгээлинен 7134 м бийик.
Райондун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт.
Климаты
Климаты – чукул континенттик, кышы суук болот. Январдын орточо температурасы -15 -20 °C, июль айындагы орточо ысыктыгы — +19 +30°C.
Калкы
Райондун калкынын көпчүлүк бөлүгүн кыргыздар түзөт, алар жалпы калктын 99%ын түзөт.
2009-жылдагы каттоо боюнча райондо 25418 адам жашаган, анын ичинен 12069ы – аялдар.
Административдик – аймактын бөлүнүшү
Чоң-Алайдын административдик – айылдык курамы 3 айылдык кеңештен турат:
- Жекенди айыл аймагы -Карамык айылы
- Кашка-Суу айыл аймагы – Кашка-Суу айылы
- Чоң-Алай айыл аймагы – Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай району 20 калк жашаган пункттан, 17 жамааттык уюмдан жана 16 өз ара жардамдашуу топторунан турат.
