Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесине жакын жайгашкан өткөрүү пункттары салык кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлөт. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев салык кызматынын карамагына кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан өткөрмө пунктарындагы салмак-габариттик, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл өткөрүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, Министрлер кабинетинин астында ушул жылдын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджетти – 280 млрд сомго, 2022-жылдын соңуна дейре 400 млрд сомго жогорулатуу милдети коюлган.

«Жыйынды пост» системасы 10 айдан бери иш жүргүзүүдө, ал ички чектердеги товарлардын жана транспорттук каражаттардын эсебин алуу процессин тездетти. Ошол эле учурда «Жыйынды пост» системасы бир катар көйгөйлөрдү да ачыкка чыгарды», — деди ал.

Анын айтымында, импорттоочулар республикага салык төлөөдөн качуу максатында төмөндөтүлгөн бааны көрсөтүү менен товарларды ташып кирүүнү улантууда.

Кожошев билдиргендей, товардык агымды башкарууну жана салык кызматынын тутумун салмак-габариттик, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдүн маалыматтык тутуму менен интеграциялоону жакшыртуу максатында, бирдиктүү тармакты түзүү үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан өткөрмө пункттары салык кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлөт.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *