14-февралда Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн, Лейлек райондорунун тургундары  чогулуп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Алар өлкө башчысынан чек араны тейлеген органдардан, жергиликтүү бийлик органдарынан кыргыз-тажик чек арасындагы маселени тез арада чечип берүүнү талап кылышууда.

«Калың журт сизди колдоп берди. Шайлоо маалында чек араны тактоону тездетем деп айткансыз. Чек ара маселесине тез арада чечкиндүү кадамдарды жасаңыз. Кошуналар күндөн күнгө жылып келе жатат. Чек араны тактаган органдарга туура кадрдык тандоо жасаңыз», — деди тургундардын бири.

Ошондой эле, чек ара боюнча буга чейинки иштерди териштирип, жер саткан кызмат адамдарын жоопко тартууну суранышты.

Белгилей кетсек, эки күн мурда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тургундары кыргыз айылдарынын жанында тажик тарап курулуш иштерин жүргүзүп жатканын айтып чыгышкан.

Ал эми Көк-Таш айылына кире турган жерге, жолдун боюна тажик тарап көчөт отургузуп жатканын, бул боюнча өкмөт тараптан уруксат берилгенин, мындан улам, чек арачылар чара көрө албасын айтышып, кабатырлануусун билдиришкен.

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *