Мамлекеттик чек ара аркылуу Талас облусунун Чуңкур-Ашуу капчыгайына мыйзамсыз өткөрүлүп берилген малдарды чек арачылар токтотушту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Айтымында, чек арачылар Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте өткөрүү пунктунан тышкары мамлекеттик чек арадан Кыргызстандан Казакстанга жылкыларды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган эки жаранды табышкан. Кармалгандардын биринин айтымында, үйүрдүн ээси акчалай сыйлык үчүн чек арадан жылкыларды айдап чыгууну суранган.

Кармоо учурунда жарандар каршылык көрсөтүп, качып кетишкен. Кийинчерээк алардын бири өз ыктыяры менен чек арачыларга жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине моюн сунган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жылкылар кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *