Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы төмөнкү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүүгө конкурс жарыялайт:

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы өлкөнүн аймагында жана башка өлкөлөрдө жашап жаткан республиканын бардык жарандарын аталган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын (акимдердин) жана алардын орун басарларынын кызмат ордундарына дайындоо үчүн конкурска катышууга чакырат.

Конкурс ачыктык, айкындуулук жана чынчылдык принциптерин сактоо менен өткөрүлөт.

Акимдерди жана алардын орун басарларын кызмат орундарына дайындоо жалаң гана кадрлар резервинен жүргүзүлмөкчү,
жаңы кызматка кесипкөй, таза кадрлардын келишине шарт түзүлөт.

Конкурс үч этаптан өткөрүлөт:

Биринчи этап – талапкердин эмгек тажыйрбасы, ишинин тармагы жана билими боюнча квалификациялык талаптарга туура келиши боюнча документтерин карап чыгуу.

Экинчи этап – компьютердик тестирлөө.

Үчүнчү этап – Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан түзүлгөн конкурсттук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.

Улуттук кадрлар резервинде турган адамдар түздөн-түз аңгемелешүү этабына киргизилет.

Коомчулукту тааныштыруу максатында Региондук резервинин түзүлгөн курамы Мамлекеттик кадр кызматынын веб-сайтына жайгаштырылат.

Квалификациялык талаптар:

— жогорку билим;

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— тиркемедеги формага ылайык өзүнүн арызы — Тиркеме боюнча ;

— тиркемедеги формага ылайык резюмеси, сүрөтү — Тиркеме боюнча ;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2021-жылдын 1-мартынан башталып, 2021-жылдын 15-мартында саат 18-00 аяктайт.

Документтерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жана аймактык өкүлчүлүктөрүнө тапшырсаңыздар болот:

Бишкек ш., Чүй пр., 122, (Панфилов көчөсү тарабынан), 3-каб.
314-каб., 66-01-49, 66-02-31;

МККнын аймактык өкүлчүлүктөрү:

— г. Бишкек, Чүй пр., 122, (Панфилов көчөсү тарабынан), 1-каб. кабинет № 3, Шадыбекова Турсунай, 62-05-49, 0755477913 (Кара-Балта, Кант, Сокулук, Кемин);

— Ош ш., Ленин көч, 221, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Динирлан Сатыгулов, тел.: 03222 5-50-76, 0558 86-86-34;

— Джалал-Абад ш., Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Марлен кызы Гулназ, тел.:03222 5-54-73,
0778 50-94-37;

— Баткен ш., Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Артыков Султан, тел.: 03622 5-14-29, 0772- 35-12-20;

— Нарын ш. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Мамбетова Жылдыз, тел.: 03522 5-23-00, 0708-32-43-15,
0774-17-09-18;

— Каракол ш., Өкмөттүн Иссык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Мокешова Эльмира Койчумановна, тел.:03922 5-05-65, 0554, 0707 41-49-19;

Балыкчы ш., Токтосунова көч. 47, Мамбеталиев Данияр Сегизбекович, тел.: 03944 5-07-12, 0703 35-36-36;
— Талас ш., Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Нуржанова Джузумкан Камбаровна, тел.: 0773 10-90-97,
0553 10-90-97; Абдыкадыр уулу Нурболот, тел.: 0703 75-40-32, 0777 75-40-32.

Ченемдик укуктук актылар: Тиркеме боюнча

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *