26-ноябрь күнү Чоң-Алай районунунда Абердин-ангус породасындагы жарым кандуу музоолорун көбөйтүп жаткан фермерлердин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу райондун админстрациясынан билдирди.

Иш чара  “Бай-Алай”  программасынын алкагында ТЕS-борбору тарабынан уюштурулду. Жыйынга  Чоң-Алай районундук администрациясынын жетекчиси Өскөнбай Мамажакыпов катышып, малдардын асылдуулугун арттыруу тармагындагы жасалып жаткан жумуштар районубузда чоң ийгиликтерге жетишип жаткандыгына токтолду. Фермерлердин кирешесин жакшыртуу жана ири мүйүздүү малдарды сандан сапатка өткөрүү замандын талабы болуп турганда жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.  Жыйындын максатына ылайык катышуучулар абердин ангус породасын кармоодогу ийгиликтер жана тоскоолдуктар боюнча талкуу жүргүзүшүп, тажрыйбалары менен бөлүшүүгө жетишилди. Жыйынтыгында аталган жамааттын ичинен жумушчу топ дайындалып, абердин ангус породасын өндүрүүчүлөрдүн бирикмесин түзүүгө милдеттендирилди. Бул пародадагы музоону көбөйтүү пландалууда.

Эске салсак бул программа алкагында окутуу, тажрыйба алмашуулар уюштурулуп 30га жакын фермерлерге бука алуу үчүн 12% женилдетилген насыя берилген.

Аталаган порода тоолуу аймактарга бат адаптацияланып тез жетилүү артыкчылыгына ээ. Быйылкы жылы 6-8 айлык жарым кандуу музоолор 40 000 сомдон тартып 60 000 сомго чейин сатылууда. Ошол эле учурда жергиликтүү музоолор 30 000 мин сомго чейин бааланат.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *