Чон-Алай районун да жергиликтүү кеңешке шайлоого көпчүлүгү жаштар катышууда. Бул тууралуу Чон-Алай районунун Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Апиза Бакыбекова билдирди.

Айтымында быйыл жергиликтүү кеңешке көбүнчөсү жаштар катышууда, жана ошону менен биргеликте эле Чон-Алай да гендердик тең укуктуулук да сакталууда деп баса белгиледи.
«Чон-Алай району боюнча 120 талапкер катталды. Алардын ичинен жыйырмасы аял киши. 2 жашы өтүп калган пенсионерлер катталды. Быйыл мурунку жылга салыштырмалуу жаштар жигердүү катышууда» -деп билдирет маалыматта.

Кошумчалай район боюнча 63 мандат бар. Үч айыл өкмөтүнө 21 ден мандат туура келет.

Эске салсак жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде, КР боюнча 448 жергиликтүү кеңеште өтөт.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *