Мындан туура 29 жыл мурун,  1991-жылы 31-августта Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Республиканын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө Декларация кабыл алган.

Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгында Кыргызстан көптөгөн кыйынчылыктарды башынан кечирди, бирок алдыга карай кадам таштоодо…

Эгемендүүлүк күнү — кыргызстандыктар үчүн негизги күндөрдүн бири. Бул өлкө үчүн сыймыктануу, анын келечегине ишеним, Мекенди сүйүү, алар менен бир жерде жашаган адамдарды урматтоо сыяктуу баалуулуктарды жогору баалаган ар бир адам үчүн майрам.

Мен Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүүсүн каалайм жана бул үчүн биздин тилектештигибиз, жоопкерчилигибиз, күчүбүз, акылмандыгыбыз жана тырышчаактыгыбыз керек.

Chonalay.kg сайты кыргызстандыктарды жана Чон-Алай элин майрамы менен куттуктайт! Баарыңыздарга тынчтык, бакыт, бакубат жашоо жана туруктуулук каалайбыз. Ар бир адамдын жан дүйнөсүндө Мекенди сүйүүгө орун болсун.

«Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот.» И. Разаков

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *