Chonalay.kg сайтына жаны функция кошулду.

Урматтуу Чон-Алай элим!
Албетте бул бир канча жыл алдын болгону менин оюм эле. Бул чоңоюп элдин оюу элдин максаты боло турган кези келди десем жаңылбайм.
Chonalay.kg Сайтына көптөн бери жаңылык, башка материалдар чыкпай калды көпчүлүгү сурап жазышты эмне болду деп. Сиздердин кабатыр алганыныздар, сураганыныздар биздин иштөөгө алдыга жылууга дагы да мүмкүнчүлүк түздү.

Бүгүн биз сайтыбызга жаңы «соц тармак» аталышындагы функция коштук. Иштеп чыгууга 1 жылдай убакыт кетти…
Функция жеңил жана жөнөкөй, бул функция жардамында жөнөкөй адам да, кары жашына карабай ватсаптан смс жазгандай эле түзмө түз өзү сайтка жаңылык, жарыя, вакансия, токтомдор, жоголгон документти жарыя кылуу билдирүүлөр ж.б.у.с жарыя кыла алышат.
Бул функция азырынча юридикалык жактар үчүн.
Бул функция киргизүүдө биздин максат буга чейин комментарийде, кайрылууда вакансияларды ж.б чыгарып тургула деп көп жазган. Биз чыгарганга аракет кылдык бирок берилбеди вакансия бүтүп калгандан кийин берилип калды кыскасы болбоду. Эми иш каналардын өзүнө беребиз убактысында чыгарып турушат. Мындан сырткары токтомдор аукцион, жоголгон документти жарыя кылуу. Буга чейин билсениздер керек. Жоголгон документти жарыя кылуу үчүн газетага берип аны 10же 15 күн күтүп отурбай эми автоматтык түрдө чыгарса болот.
Мындан сырткары илгери биздин убакта газетага окуучулар ырларын чыгарышып эл ага баа берип баалашып. Кадыр барктуу чыгармачыл инсандарыбызды билчү элек азырда заманбап кылганга мүмкүнчүлүк бар.

Ишканалардын ишмердүүлүгүн арттырууга мүмкүнчүлүк деп билем.
Мындан сырткары жаңы акимибиз кызыкдар экенин жана кош колдоп колдоорун билдирди. Районго жыл жыйынтыгы чыгарылып турат. Канчалык деңгээлде өсүү болду кайсыл тармакта өсүү болбой калды. Баары чыгарылып турат.

Урматтуу Чон-Алай элим!
Мен мекен үчүн кызмат кылгысы келген бекерчи бир карапайым калктын баласымын. Раим миллиондой миллионум болбосо да мекен үчүн күйгөн жүрөгүм бар. Эгер сиздерге томондогу жазгандарым кызык болсо иш кана жетекчилерине айтып биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жардам берууго чакырам менин таянарым эл сиздерсиздер… Анткени баары эмес кээ бир ишканаларда иш жок эптеп 8 саат отуруп кетүү ж.б кызыксыз болушу мүмкүн. Бирок мен ойлойм жетекчилердин баарына кызык деп. Анткени ал келгенден баштап эмне өзгөрдү? Эмне иш кыла алды? Убактысында чагылыдырып эл менен тыгыз иштегенге шарт түзүлөт деп ишенем.

Сиздерди урматтоо менен: Б Абдурасулов

 

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *