Чоң-Алай  райондук  салык  кызматында 2018-жылга салыштырмалуу 6,2 миллион өсүш болгон

 

Чоң-Алай  райондук  салык  кызматы  2020-жылга   жакшы  жетишкендиктер менен кире  алды.   2019-жыл райондогу бир катар жетишкендиктер менен чогуу  Чоң-Алай райондук салык кызматы  планды  толугу  менен аткарууга жетишкен.  Алсак,  2019-жылы  план 124,3  пайызга аткарылды.  Бул 2018-жылга  салыштырмалуу  113  пайызга   жогорулаган.  Ал эми социалдык  төлөмдөрдүн  планы 100 пайызга аткарылган.  2018-жылга салыштырмалуу   6,2 миллион  өсүш  болгон.    Өткөн  жылдын  эсебинен  бардык план  толугу менен аткарылып,  жаңы  жылга   жакшы маанай  менен киришти.

2019-жылы   социалдык камсыздандыруу  төлөмдөрүн жыйноо  салык  кызматына  өткөнү,  салык  төлөөчүлөрго  оң  таасирин  тийгизген.  Мурунку жылдары  ар кайсы  төлөмдөрдү   ар  башка  жерге  төлөө  убарагерчилиги   жоюлуп.   Салык  төлөмдөрү  менен  социалдык  төлөмдөрдүн  бир жерге  төлөнүшү  салык  төлөөчүлөр  менен  катар  салык  кызматкерлерине да ыңгайлуулукту  жаратып,   планды  толтурууга  бир топ  женил   болгон. 2018-жылга  салыштырмалуу  2019-жылы     салык  кызматкерлери  жана  салык  төлөөчүлөр  үчүн  жакшы өзгөрүүлөр  орун алган.  Айта  кетсек, бирдиктүү  терезе уюштурулган,  жогоруда  белгиленгендей  салык  жана социалдык  төлөмдөрдү  бир жерден  кабыл  алып  башташкан,  электрондук  отчет, электрондук патент  ишке  кирген.  Булардын  баары  жеке ишкерлердин,   салык  төлөөчүлөрдүн  убактысын  үнөмдөп  жана  ошол эле убакта  салык  кызматкерлеринин  ишинин  ырааттуулугун  арттырат.

Чоң-Алай  районунда  ири  салык  төлөөчү  жалгыз  ишкана  бар, ал – “Кайди”  алтын кен  компаниясы.  Андан сырткары  туз, көмүр  кендерин  иштетүүчү  компаниялар   бар.  Бирок  азырынча  жигердүү  иштетилбей  жаткандыктан   райондун  басымдуу  кирешеси  “Кайди”  төлөгөн  салыктан  турат.   Аймактарды  өнүктүрүү  жана  санариптештирүү   жылына  карата  райондун  бардык  айылдарына  интернет  жетеирилген.  Айыл өкмөтттөрүнө  банк  аркылуу  терминал  коюлуп берилген.  Анын негизинде  салык  төлөйт  элек  деп  райборбордогу  банкка  келип  убара болушпай,   өз  айылдарынан  эле  төлөп  башташкан.

2020-жылга  карата  жылдагыдай  эле  ай  сайын  салык  жана  салык  эмес  жыйымдарга  жеткириле  турган   болжолдуу  план -тапшырманы  100  пайызга аткаруу  Чоң-Алай  райондук  салык  кызматынын  башкы  милдети  боло бермекчи.  Ошону  менен  бирге социалдык  төлөмдөрдү да  жүз  пайызга  аткаруунун  үстүндө  иштер  алып  барылат.  Райондун  экономикалык  деңгээлин  көтөрүү  максатында  кошумча  салык  булактарын  табуу  жагы  каралууда.  Тиешелүү   чарбалык  субъектерге контролдук-кассалык машиналарды  (ККМ)  орнотуу  иштерин  уюштуруу  жана  колдонулушун  көзөмөлгө  алуу  зарыл.   Буга  кошуп  салык  төлөөчүлөргө   ыңгайлуу  шарттарды  мындан  арыда  түзүп,  убаракерчилигин  азайтууга  камылга  көрүлөт.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *