Коронавирусту алдын алуу боюнча жургузулгон иштер 

Кытай Эл Республикасынын аймагында пайда болгон коронвирус аркылуу таралуучу пневмония ооруусун алдын алуу жана ага каршы иш-чараларды Чоё-Алай районунун аймагында жургузуу учун  2020-жылдын 28-январында Чоё-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин №18-буйругу  чыгарылып,  курамы 12 адамдан турган райондук штаб тузулгон. Бул буйрук райондун аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелерине, айыл ъкмъттър\нъ жана тиешелуу мекеме-ишканаларга жеткирилген. Ага ылайык, айыл окмотторундо тиешелуу бардык мекеме-ишканаларда  штабдар тузулгон.

Райондук штабдын курамы 2020-жылдын 29-31-январь кундор\ 2 жолу отурумун  откъруп, аталган вирусту алдын алуу боюнча бардык тиешелуу кызмат адамдарына тапшырмалар берилген.

Ага ылайык, Тажик Республикасы менен чектешкен Кара-Мык чек ара постуна райондук оорууларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык козомолдоо борбору тарабынан 1250,0 мин сом болгон тепловизор жана оздук коргонуу формалары жана тиешелуу дезинфекциялык каражаттар жеткирилген. Бугунку кундо 1 терапевт  дарыгер 1 тез жардам автоунаасы кузотто турат.

Ошондой эле. райондогу Жалпы дарыгерлердин практикалык борборунда дезинфекциялык каражаттардын запасы жана 1000 даана беткап бар. 5 изолятордук каана жана 20 койка уюштурулган.

Жугуштуу оруулар боюнча дарыгер тарабынан жалпы 79 медициналык кызматкерге коронвирусту алдын алуу боюнча атайын семинар откорулгон.

29-30-январь кундору медициналык кызматкерлер тарабынан жалпы 570 кожолукка, 14 мектепте жалпы 3854 жаранга  тушундуруу иштери жургузулуп атайын баракчалар таркатылды. Медициналык кызматкерлер тарабынан калк арасында тушундуруу иштер улантылууда.

Чоё-Алай районунда бугунку кундо эпидемиологялык абал туруктуу бойдон сакталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *