«Неман-Фарм» мамлекеттик органдардын жардамы менен COVID-19 вирусунун симптомдорун дарылоо үчүн «Гепарин» дармегинин партиясын алып келди. Бул тууралу Республикалык штабдан билдирди.
«Гепарин» алгач «Неман» дарыканасынын Бишкектеги кампасына 12-июл түнү алынып келинген. Бүгүн дармек бардык филиалдарына жеткирилди.
Өз кызыкчылыгы үчүн пайда көрүүнү каалаган алып-сатууларды алдын алуу үчүн дары 443 сомдон бир адамга бир эле упаковка менен сатылууда.
Фармкомпаниянын айтуусунда, керектүү дары-дармектерге дефицитти болтурбоо үчүн бардык күчтөр жумшалууда.
Эгерде дары-дармектердин баасын ашырып саткан учурлар болсо, Финансы полициясына билдирүүңүздү суранабыз: 1955.