Биринчи байлык ден соолук

Бир да кишинин ооругусу келбегени айтпаса да түшүнүктүү. Анткени ооруганда жаныбыз кыйналганы аз келгенсип, көп көйгөйлөр жаралышы же бир топ акча кетиши мүмкүн. Андан тышкары, жумушка же мектепке бара албай, же үй-бүлөбүзгө кам көрө албай калабыз. Ал эле эмес, башка бирөөнүн бизге кам көрүшүнө муктаж болуп калышыбыз ыктымал.

 Келгиле анда, саламаттыгыбызды жакшыртууга шарт түзгөн беш кеңешке токтололу.

1 ТАЗАЛЫКТЫ САКТАГЫЛА

Дененин жана тиштин гигиенасы үчүн колдонулган каражаттар

Мейо клиникасы кеңеш кылгандай, кол жуу «ооруга чалдыкпоонун жана оорунун жайылышын токтотуунун эң жакшы жолу» болуп саналат. Кир колубуз менен көзүбүздү, бети-башыбызды, оозу-мурдубузду кармаласак, сасык тумоо сыяктуу ооруларга оңой эле чалдыгышыбыз мүмкүн. Ошондуктан андай ооруларды жуктурбаш үчүн колду дайыма жууп туруу зарыл. Тазалыкты сактоо мындан да коркунучтуу дарттардын, маселен, жыл сайын 5 жашка чейинки 2 000 000дон ашуун баланын өмүрүн алып кетип жаткан өпкөнүн сезгенишинин жана ичеги инфекцияларынын жайылышына да бөгөт коёт. Кол жууп туруу атүгүл Эбола сыяктуу илдеттин тарашынын ыктымалдыгын азайта алат.

Башкалар да, өзүбүз да чың ден соолукта болушубуз үчүн колду жууп туруу аябагандай маанилүү. Колду төмөнкү жагдайларда сөзсүз жууш керек.

  • Дааратканага баргандан кийин

  • Баланы тоскондон кийин же жалаягын алмаштыргандан кийин

  • Кесилген жерди же жараны тазалоонун алдында жана андан кийин

  • Ооруп жаткан кишиге жолугарда жана жолуккандан кийин

  • Тамак жасаарда, тамак берерде жана ичерде

  • Чүчкүргөндөн, жөтөлгөндөн же чимкиргенден кийин

  • Жаныбарларды же алардын кыгын кармагандан кийин

  • Таштандыны кармагандан кийин

Колду жөн эле жууп койбой, туура жуушубуз кажет. Изилдөөлөрдөн жалпы эл колдонгон дааратканага баргандан кийин көптөр колун такыр эле жуубай турганы же жууса да чала жууй турганы анык болгон. Анда колду кантип жууш керек?

  • Колду аккан таза сууга суулап, самындоо.

  • Самынды жакшылап көбүртүп, тырмактардын астын, бармактарды, колдун сырткы бетин жана салааларды да жуу.

  • Бери дегенде, 20 секунд жышуу.

  • Агып жаткан сууга чайкоо.

  • Таза сүлгү же кагаз сүлгү менен кургатуу.

Эгер ушул жөнөкөй эле нерселерди эске алсак, көп оорудан сырткары болуп, өмүрүбүздү сактап кала алабыз.

2 ТАЗА СУУ КОЛДОНГУЛА

Бир стакан суу жана бир кесим лимон

Айрым өлкөлөрдө көптөр үчүн өз үй-бүлөсүн таза суу менен камсыз кылуу — чоң түйшүк. Бирок таза сууга болгон муктаждык ар бир эле өлкөдө пайда болушу мүмкүн. Мисалы, сел каптоодон, катуу бороон-чапкындан, суу түтүктөрүнүн жарылуусунан же дагы башка кырсыктан улам жалпы эл колдонгон суу булганып калышы ыктымал. Эгер суунун башаты таза эмес болсо же суу туура эмес сакталса, анда мителер пайда болушу, ошондой эле ал аркылуу холера, ич өткөк, ич келте, гепатит, жана башка инфекциялар жугушу мүмкүн. Бир эсептөөлөргө ылайык, таза эмес суу ичкендиктен жылына 1,7 миллиард киши ичеги инфекцияларын жуктуруп алат.

Оорубуз өтүшүп кетпеши үчүн жана айрым ооруларды алдын алуу үчүн көп нерсе кылсак болот

Холера оорусу көп учурда оорулуу кишинин заңындагы бактериялар менен булганган суу же тамак-аш аркылуу жугат. Ушундай же дагы башка жол менен булганып калган сууну колдонуп жабыркап калбаш үчүн, ал тургай табигый кырсыктан кийин да, эмне кылсаңар болот?

  • Ичкен сууңардын, анын ичинде тиш жууганда, казан-аяк жана азык-түлүктөрдү жууганда же тамак-аш жасаганда колдонгон суунун башаты таза экенине, мисалы, тийиштүү түрдө тазаланган жалпыга суу бөлүштүргөн жерден келип жатканына көзүңөр жеткидей болсун. Ал эми сууну сатып алып ичсеңер, беделдүү фирмалар чыгарган, оозу тийиштүү түрдө бекитилген бөтөлкөлөрдөгү сууну алгыла.

  • Эгер түтүктөр менен келген суунун таза экенине шектенип жатсаңар, аны кайнаткандан же химиялык заттар менен тазалагандан кийин гана колдонгула.

  • Сууну тазалаш үчүн хлор же атайын чыгарылган химиялык каражаттарды колдоно турган болсоңор, көрсөтмөсүнө так кармангыла.

  • Мүмкүнчүлүгүңөр болсо, сапаттуу суу чыпкаларын колдонгула.

  • Эгер сууну тазалоочу атайын каражаттар жок болсо, үй тиричилигинде колдонулган агартуучу каражатты колдонгула. Бир литр сууга эки тамчы кошуп, жакшылап аралаштырып, 30 мүнөт тундургандан кийин колдонгула.

  • Тазаланган суу кайрадан булганып калбашы үчүн, аны жабык идишке сактагыла.

  • Суу сузган идишиңер таза болушу керек.

  • Иче турган суу куюлган идишти кир кол менен кармабагыла жана андагы сууга колуңарды малбагыла.

3 ТУУРА ТАМАКТАНГЫЛА

Пайдалуу ар кандай азык-заттар

Туура тамактанбай туруп чың ден соолукта боло албайбыз, ал эми туура тамактаныш үчүн пайдалуу жана түрдүү азыктардан турган рацион түзүп алышыбыз керек. Тузду, майды жана шекерди канчалык колдонорубузга жана тамакты канчалык өлчөмдө жеп жатканыбызга көңүл бурганыбыз маанилүү. Рационуңарга жашылча-жемиштерди кошкула жана тамакты түрлөп жегиле. Дан өсүмдүктөрүн, күрүч сатып аларда сыртындагы жазуусун окуп көрүп, анын рафинаддалбаганын (тазартылбаганын), ал эми нан, кесме алганда кесек тартылган ундан жасалганын тандагыла. Анткени алар тазартылган дандан жасалгандарга караганда азык заттарга жана клетчаткага бай келет. Ошондой эле организмди протеин менен камсыз кылыш үчүн аз өлчөмдө малдын кара кесек этин, канаттуулардын этин жеп туруу керек. Мүмкүн болсо, жумасына бир же эки жолу балык жеп тургула. Айрым жерлерде тамак жасаганда протеинге бай жашылчаларды колдонушат.

Кум шекерди, суюк эмес майларды көп колдонуу ашыкча салмактуулукка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан таттуу суусундуктардын ордуна суу ичкиле. Таттуу-паттуунун ордуна жемиштерди көп жегиле. Колбасанын, эттин майын, нанга сүйкөп жеген майды, майлуу сырды, майлуу токочторду азыраак жегиле. Тамак жасаганда суюк эмес майларды колдонгондун ордуна суу майларын колдонгула.

Тузду өтө көп колдонуу кан басымын жогорулашы мүмкүн. Эгер кан басымыңар жогору болсо, тамак-аш сатып алып жатканда сыртындагы жазуусун жакшылап окуп, тузу азыраагын алгыла. Тамактын даамын чыгарыш үчүн туздун ордуна чөп-чар жана татымалдарды колдонгула.

Тамакты канча жегениңер кандай тамак жегениңердей эле маанилүү. Ошондуктан ашыра тоюп алуудан сак болгула.

Тамактанууга байланыштуу дагы бир көйгөй — тамактан уулануу. Туура даярдалбаса жана тийиштүү түрдө сакталбаса, кандай тамак болбосун, бат эле бузулуп, ден соолукка зыян алып келиши мүмкүн. Жыл сайын ар бир алтынчы америкалык киши тамактан ууланат. Алардын көбү айыгып кеткени менен, айрымдары өлүмгө дуушар болушат. Ууланып калбаш үчүн эмне кылса болот?

  • Жашылчалар өскөн жерге жер семирткич катары кык төгүлүшү мүмкүн болгондуктан, аларды тамакка колдонордон мурун жакшылап жуугула.

  • Тамак-аш жасаарда колуңарды самындап, ал эми эт, жашылча-жемиш туураган тактайды, идиш-аякты жана үстөлдүн үстүн тазалоочу каражатты колдонуп ысык суу менен жуугула.

  • Чийки жумуртка, эт, балык турган нерсени же алар салынган табактарды эч качан жуубай туруп колдонбогула.

  • Тамакты чала бышырбагыла. Тез бузула турган жана дароо желбей турган тамакты муздаткычка салып койгула.

  • Бөлмөнүн ичинде эки сааттан ашык же 32 градус ысыкта бир сааттан ашык убакыт туруп калган тез бузула турган тамактарды төгүп салгыла.

4 КӨБҮРӨӨК КЫЙМЫЛДАГЫЛА

Топ жана футбол ойногондо кийилчү бут кийим

Ден соолукта болуш үчүн куракка жараша жетиштүү кыймылдап туруу керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көптөр антишпейт. Көнүгүүлөрдүн кандай пайдасы бар? Эгер жетиштүү кыймылдасаңар:

  • Жакшы уктайсыңар.

  • Сергек болосуңар.

  • Сөөгүңөр бекем, булчуңуңар чың болот.

  • Салмагыңар ашыкча болбойт.

  • Депрессия болуу ыктымалдуулугун азайтасыңар.

  • Мезгилсиз өлүмгө дуушар болуу ыктымалдуулугун азайтасыңар.

Ал эми жетиштүү кыймылдабасаңар:

  • Жүрөк оорусуна чалдыгышыңар мүмкүн.

  • Кант диабетинин 2-тиби менен оорушуңар ыктымал.

  • Кан басымыңар жогорулап кетиши мүмкүн.

  • Каныңардагы холестериндин деңгээли жогорулап кетиши этимал.

  • Инсульт болушуңар мүмкүн.

Кандай көнүгүүлөрдү жасаарыңар курагыңар менен ден соолугуңардан көз каранды. Ошондуктан көнүгүүлөрдүн жаңы түрүн жасаарда доктур менен кеңешип көргөнүңөр акылдуулукка жатат. Ар кандай сунуштарга ылайык, балдарга жана өспүрүмдөргө өтө жеңил эмесинен тартып оор көнүгүүлөргө чейин күнүнө, бери дегенде, 60 мүнөт жасоо сунуш кылынат. Ал эми чоңдорго жумасына өтө жеңил эмес көнүгүүлөрдү 150 мүнөт же оор көнүгүүлөрдү 75 мүнөт жасоо сунушталат.

Жетиштүү кыймылдаш үчүн спорттун силерге жаккан түрүн тандагыла же кыймыл-аракетти талап кылган көңүлүңөргө жаккан башка иштерди кылгыла. Мисалы, баскетбол, теннис, футбол ойносоңор, ылдам бассаңар, велосипед тепсеңер, сууда сүзсөңөр, чуркасаңар, багбанчылык менен алектенсеңер, отун жарсаңар же башка аэробикалык көнүгүүлөрдү жасасаңар болот. Кайсынысы силерге ылайыктуу экенин кантип аныктаса болот? Кайсы бир көнүгүүнү жасап жатканда тердей турган болсоңор, өтө жеңил эмес көнүгүүгө, ал эми тердегенден тышкары, энтигип калсаңар, оор көнүгүүгө кирип калат.

5 УЙКУНУ КАНДЫРГЫЛА

Тынч жана жагымдуу уктоочу бөлмө

Ар кимдин уйкуга болгон муктаждыгы ар кандай. Ымыркайлардын көбү күнүнө 16—18 саатка чейин укташат, наристелер 14 сааттай, мектепке бара элек балдар 11, 12 сааттай укташат. Ал эми мектеп жашындагы балдар, эң аз дегенде, 10 саат, өспүрүмдөр 9 же 10 саат, чоңдор 7, 8 саат укташы керек.

Жетиштүү эс алууга маани бербей койбошубуз керек. Анткени, адистердин айтымында, жетиштүү уктоо

  • балдардын жана өспүрүмдөрдүн өсүп-жетилиши үчүн,

  • бир нерсеге үйрөнүү жана жаңы маалыматты эстеп калуу үчүн,

  • зат алмашууга жана салмакка таасир эткен гормондор дайыма тең салмакта болушу үчүн,

  • жүрөк-кан тамыр системасы жакшы иштеши үчүн,

  • ооруларды алдын алуу үчүн маанилүү.

Жетиштүү уктабасак, салмагыбыз көбөйүп, депрессия болушубуз, жүрөгүбүз оорушу, кант диабетине чалдыгышыбыз жана кырсыкка учурашыбыз мүмкүн. Ошондуктан жетиштүү эс алышыбыз керек.

Уйкуңар канбай жүрсө, эмне кылсаңар болот?

  • Күндө бир убакта жатып, бир убакта турганга аракет кылгыла.

  • Уктаган бөлмөңөрдүн ичи тынч, караңгы болушу жана ысык да, муздак да болбошу керек.

  • Төшөккө жатканда телевизор көрбөгүлө жана башка электрондук каражаттарды колдонбогула.

  • Жаткан төшөгүңөр мүмкүн болушунча ыңгайлуу болсун.

  • Жатарда көп тамак жебегенге, кофеини бар суусундуктарды, спирт ичимдиктерин ичпегенге аракет кылгыла.

  • Ушул кеңештерди колдонгондон кийин деле уйкуңар качып жатса же уйкунун бузулушунун башка түрлөрүнөн, алсак, күндүзү аябай уйкуңар келгендиктен же уктап жатканда дем жетпей кеткендиктен кыйналып жүрсөңөр, адиске кайрылганыңар оң болоттур.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *