Өлкөнүн коммерциялык банктары Айыл чарбасын каржылоо – 9 долбоорунун алкагында 84,5 миллион сомго 112 насыя берди. Мындай маалыматтарды Кыргызстандын өкмөтү келтирүүдө.
Белгилей кетсек, бул долбоордун алкагында быйыл биринчи насыялар берилди. Ага жалпысынан он коммерциялык банк катышат. Насыялар 2021-жылы жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү жана мал чарбасын, өсүмдүктөрдү өстүрүү жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн берилет.
Булак: 24.kg