Египетте көз жумду деп көмүп салган адам 4 айдан соң тирүү экени байкалган. Бул тууралуу Yumum 7 порталы билдирди .

 

Мохаммед Эль Гаммал ушул жылдын январь айында дайынсыз жоголгон. Үй-бүлөсү аны тынымсыз издеген, бирок майнап чыккан эмес. Туугандарынын айтымында, ал психикалык жактан жабыркап, үйүнөн чыгып кеткен боюнча келген эмес.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин, үй-бүлөсүнө жергиликтүү ооруканада иштеген бир тууганы телефон чалып, клиникага адамдын сөөгү алынып келингенин айтышкан. Дээрлик бардык туугандары аны Мухаммед деп таанышкан.

Денесиден ДНК үлгүсү алынып аныктоого жиберилген, бирок үй-бүлөсү ДНК жыйынтыгын күтпөстөн акыркы сапарга узатуу зыйнатын марттын аягында өткөрүүнү чечишкен.

 

Төрт айдан кийин, түн ичинде бир топ жаштар көрүстөндө адашып жүргөн адамды байкап калышкан. Аны полиция бөлүмүнө алып барышканда, ал жерде (көрүстөндө) Эль-Гамаль жоголгон.

Ушул убакка чейин ал киши кайда болгондугу азырынча белгисиз.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *