Эксперттик коомчулук мезгил-мезгили менен дүйнөнүн алдыңкы экономикалары тарабынан доллардан баш тартышы мүмкүн деген темага кайтып келишет. Бирок иш жүзүндө жакынкы келечекте бул мүмкүн эмес – ага ондогон жылдар талап кылынат, деп билдирди Клопенко тобунун аткаруучу директору Дмитрий Иванов.
Ал дүйнөлүк каржы тармагы долларга таянарын жана бардык соода бүтүмдөрүнүн 80 пайызы АКШ валютасында жүргүзүлөрүн эске салды .
“Доллардан баш тартуу – анын ордуна ылайыктуу орунду табуу дегенди билдирет, бирок азырынча мындай валюта жок, евро дагы, Кытай юаны дагы, башка фиат валюталары дагы деле долларды алмаштыра албайт”, – деп баса белгиледи Иванов .
Агенттиктин маектеши кошумчалагандай, доллардан ажыратуу процесси ондогон жылдарга созулушу мүмкүн.