Индиянын түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарында белгисиз оору адамдан адамга жукпайт, деп билдирди жергиликтүү бийликтин өкүлү Мутяла Раджу Реву.
Өткөн жекшембиде шаарда жана анын тегерегинде белгисиз илдет башталды. Натыйжада бир адам каза болуп, 300гө жакын адам ооруканага жаткырылды. Жабырлануучулар баш айлануу, эпилепсия, күтүүсүздөн эстен тануу, оозунан көбүк чыгып, титирөө сыяктуу нааразычылыктарын билдиришти.
Кан анализдеринин, мээ-жүлүн суюктугунун жана бейтаптын мээсинин компьютердик томографиясынын жыйынтыгында, оорунун себебин аныктоо азырынча мүмкүн эмес. Бирок Times of India гезити хлор органикалык кошулмалар жана чиркейлерден арылтуучу дары оорунун себеби болушу мүмкүн деп жазды.

«Ушул убакка чейин оору бир адамдан экинчи адамга жуккан эмес. Оорунун жаш курагы чектелген эмес. Элуру шаарына муниципалдык суу жеткирилбеген аймактардан келген адамдар дагы ооруп калышты. Күн сайын минералдык суу гана ичкендер дагы ооруп калышты», — деп билдирет жергиликтүү бийликтин өкүлү.

Белгиленгендей, жалпысынан оорунун белгилери 340 адамда, анын ичинде балдарда аныкталган. 157 адам ооруканаларда жатат, 168 адам үйүнө чыгарылды, бир адам каза болду.
Бийлик белгилегендей, алар оорунун себебин аныктоо максатында 57 миңден ашуун үйдү текшеришкен. Ошондой эле расмий адамдар шаардын ар кайсы аймактарынан ичүүчү сууну, анын ичинде оор металлдардын бар-жогун текшерип, аномалия тапкан жок.
0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *