Кыргызстандын түзөтүү колонияларында Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган эки чет элдик жаран бар. Бул тууралуу  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Терроризм үчүн өз мекенинде изделип жаткан Өзбекстандын жараны жана ири алдамчылык үчүн өз мекенинде издөөдө жүргөн Түштүк Кореянын жараны республиканын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде жазаларын өтөп жатышат. Акыркысы Кыргызстанда алдамчылык жана чет элдик инвесторлорго материалдык зыян келтиргендиги үчүн сот жообуна тартылган. Ал өзүнүн иш-аракеттери менен мамлекеттик кызыкчылыктарга да доо келтирген. Ал Биринчи Май райондук соту тарабынан беш жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылды », — деп билдирди ИИМ.

Чет элдик жарандар жазасын өтөп бүткөндөн кийин эл аралык келишимдерге ылайык мекенине өткөрүлүп берилери белгиленди.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *