Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жана жөнөтүлгөн өтүнүчтүн алкагында Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына гуманитардык жардамы өлкөгө жакынкы убакта жеткирилет.

Россиялык тарап гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, 5 көчмө рентгенаппарат, 6 ультра үн жабдуусу жана жеке коргонуучу каражаттарды (0,5 млн хирургиялык беткап) берет.

Бул тууралуу 2020-жылдын 17-июлунда Минскте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагындагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *