Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумуна катышты.

Анда сөз сүйлөп жатып, учурда мамлекет масштабдуу өзгөрүүлөрдүн алдында турганын, мындан улам инвесторлорду, ишкерлерди, айрыкча чакан жана орто бизнести колдоо зарылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 28 млрд сом деп кабыл алынганы менен реалдуу картина андан да жаман экенин айтты.

«Жакынкы арада бюджет боюнча реалдуу, чыныгы маалыматтарды ачыкка чыгарабыз. Жагдайыбыз жакшы эмес. Ошондуктан мамлекеттик органдарга бир топ тапшырмаларды бердим», — деди Жапаров.

Алар:

-Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан түзүлгөн ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктар кескин азайтылып, атайылап жасалган создуктуруулар кыскартылышы керек;

-Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бизнес үчүн ыңгайлаштырылат. Ал үчүн Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, укуктук-ченемдик актылар боюнча документтердин пакети даярдалат;

-Бизнес жүргүзүү боюнча эрежелер жөнөкөйлөштүрүлөт;

-Экспорттоочуларды колдоо боюнча конкреттүү механизмдер киргизилет (Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгүдөй);

Садыр Жапаров ошондой эле жылдын аягына чейин орто жана чакан ишканаларга жеңилдетилген насыя берүүнү кайра жандандыруу тапшырмалары берилгенин маалымдады.

Мындан тышкары, бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды ачыкка чыгаруу, бюджеттин кирешесин көбөйтүү, аткез товарларга көзөмөлдү күчөтүү, банктык жана салыктык сырлардын, персоналдык маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо, өзгөчө кырдаал режими учурунда жабыр тарткан ишкерлер менен инвесторлорго зыяндын ордун толтуруу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди берүү механизмдерин кароо милдеттендирилди.

Премьер-министр сөзүнүн соңунда ишкерлерге, инвесторлорго жана туристтерге тоскооолдуктар болбошу керектигин айтты.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *