Жарандардын арыздануусу негизинде 16 салык кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Анын ичинен 2 кызматкер иштен бошотулду, экөөнө катуу сөгүш, бешөөнө сөгүш, төрт кызматкерге эскертүү берилип, 2 кызматкер башка орунга которулду.

Мындан тышкары, кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 4 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 20 кайрылуунун ичинен 4 билдирүү боюнча фактылар тастыкталды. Мыйзам бузгандарга карата административдик жаза чаралары колдонулду.

Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги 72 жаранды кабыл алды, алардын ичинен 19 адам жеке маселеси боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 44 адам, кадрдык маселелер боюнча – 9 жарандын арыз-муңу каралды.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *