Талас облусундагы «Жерүй» алтын комбинаты иштеп баштады. Анын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров жеринде жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин онлайн катышты. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бул долбоордун ишке ашуусун жогору баалап, эки өлкөнүн инвестициялык кызматташуусунун ийгилиги катары санады. Өз сөзүндө инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүүгө басым жасаларын эскертип, инвесторлорду коргоо жана тоо-кен байлыктарын иштетүү тармагын реформалоо боюнча жарлыктары ушул максатта чыкканын да кошумчалады.

-Учурдан пайдаланып, 2 нерсеге токтолгум келет: биринчиси, кен иштеткен компания менен жергиликтүү элдин мамилеси; экинчиси, кен иштетүүдөгү экологиялык талаптардын аткарылышы. Биз орусиялык инвестициялардын Кыргызстанга келишине дайым кубанабыз. «Жерүй» Кыргызстандын учурдагы эң негизги инвестициялык долбоору болуп турат. Анын ийгиликтүү ишке ашуусу өлкөдөгү инвестициялык тармактын өнүгүшүнө зор салым кошот деп ишенем,-деди президент.

Кенди иштетүүчү «Алтын-Альянс» компаниясынын президенти Муса Бажаевдин айтымында, алтын комбинаты жылына 5 тонна алтын иштеп чыгат. Ишкана 1000 адамды жумуш орду менен камсыздаса, анын 90%ын жергиликтүү эл түзөт. Салык жана социалдык төлөм катары  Кыргызстан бул долбоордон 1 млрд доллардан ашык каражатка ээ болот. Андан тышкары Талас облусунда ачылган «Бакубат Талас» фондуна жылына 2 миллион доллар бөлүнүп турат. Анын эсебинен социалдык жактан аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп, социалдык обьектилер да курулары айтылды.

Белгилей кетсек, «Жерүй» алтын кенин иштетүү укугу 2015-жылы Орусиянын «Восток-геолдобыча» компаниясына берилген. Компания жарыяланган аукциондон жеңип чыгып, кенди иштетүү үчүн 100 миллион доллар берүү менен 100%дык үлүшкө ээ болгон. Аталган ишкананын алдында «Алтын-Альянс» компаниясы түзүлгөн.

«Жерүй» кени 1969-жылы ачылган. 2016-жылдагы расмий маалыматка ылайык, ал жерде 88 тонна 231 килограмм алтындын, 24 тонна 349 килограмм күмүштүн запасы бар.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *