Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо талапкерлер жалпы ортодон төмөн эмес билимге ээ болуп, 21 жаштан жогору куракта болушу керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, башка мамлекеттин жарандары, соттуулугу алынып салынбаган же мыйзамда көрсөтүлгөн убакта жоюлбаган жарандар талапкер боло албайт. Талапкер жергиликтүү жамааттын мүчөсү болушу шарт.

Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерге 1 миң сом шайлоо күрөөсү каралган. Бишкек жана Ош шаардык кеңештери үчүн 50 миң сом, калган шаардык кеңештер үчүн 20 миң сом күрөө талап кылынат.

15 пайыздан кем эмес шайлоочулардын добушун алган саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Ал эми 7 пайыздан кем эмес шайлоочулардын добушуна ээ болгон партия мандат бөлүштүрүү ишине катышууга укугу бар.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *