Кен байлыктар элибиздин энчиси. Буларды биздин ата-бабаларыбыз келечек муун үчүн деп мураска калтырган. Бул тууралу Садыр Жапаров Алай Чон-Алай эли менен жолугушуу учурунда билдирген.

Жолугушуу учурунда бир топ Чон-Алай районунуда анын ичинде чырлуу болгон Кара-Казык алтын кенине токтолду.

“Тоо кен иштеткен “Кайди” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүлүгүндө. Кара-Казык кенинде руданын курмандыгы, алтынды так аныктап экономикага зыяны тийбегидей кылып  иликтеп чыгуу зарыл. Анда иштелип чыккан калдыктарды сактоочу жайды, талапка ылайык жүргузүү керек. Өнөр жай энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан “Кайди” жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген лицензияда 1 тонна рудада 4,157 грам алтын бар деп берилген. Ал эми райондогу жарандык коом тарабынан Кыргызстандын кен байлыктары деген китепте Кара Казык алтын кенинде 1тонна рудада 14 грам алтын бар деп жзылган. Ошондуктан жергиликтүү тургундар ушул маселе боюнча туура маалымат берүү талабын көюп келишет. Бул боюнча шайлоодон кийин өкмөттөн так маалымат берүүнү талап кылам. Себеби жергебизден чыккан кен байлыктар элибиздин энчиси. Буларды биздин ата бабаларыбыз келечек муун үчүн деп мураска калтырган. Баарын туура пайдаланып жаратылышыбызга зыяны тийбегидей кылып иштете билүүбүз керек.”  -деп билдирди президенттике талапкер Садыр Жапаров.

Эске салсак бул көйгөйдү активист Улукбек Карыбек уулу Уурдалган алтындар 660миллион доллар иликтөөсүндө көтөрүп президентке чейин алып чыккан. Бирок экс президент Сооронбай Жээнбеков эч кандай чара көргөн эмес. Эл үмүтү азыркы президенттике талапкер Садыр Жапаровдо.

 

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *