1-сентябрь билим күнүнө карат chonalay.kg сайтына Жаш-Келечек мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси маек курду.

Саламатсызбы 1-сентябрь билим күнүнө карата маек курууга макулдук бергениниз үчүн рахмат. Өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

Өзүм жөнүндө айта кетсем. Мен Ташанова Касиет Нышанбаевна 1975-жылы 20-февралда Ош облусуна караштуу Чон-Алай районун Дароот-Коргон айылында туулганмын. Биз негизинен алты бир тууганбыз. Төрт уул эки кыз. Үй-бүлөдө мен 2-симин. Мен мектепти аяктаган соң жогорку окуу жайдын мектепке чейинки билим берүү кесибин аяктаганмын. Өзүмдүн үй-бүлөм боюнча айта кетсем үй-бүлөлүмүн үч неберем бар. Азыркы учурда ушул Жаш-Келечек мектепке чейинки билим берүү уюмунда  жетекчи болуп иштейм. Ага чейин ушул эле бакчада тарбиячы болуп иштегем.

 

Сиз келгенде бакча кандай эле? Азыр кандай болуп өзгөрду?

Бакча 2006-жылы жалпы сметасы 1млн 300мин сомдук. Бакча бүткөрүлүп ишке берилген. Ал мезгилде Жайчыбекова Назира Аскаровна жетектеген. Эже дагын көп алгылыктуу иштерди аткарды. Азыркы абалы боюнча айта кетсек,  бакчаны ушунчалык деңгээлге жеткенге чейин Ага хан, ЮНЕСКО, Арис  мамлекеттик эмес уюмдар менен иштедик ж.б.у.с программалар менен иштегенбиз. Бакчага мебелдерди ашкана буюмдарын алганбыз. Кровать буюмдарды алганбыз. Балдарга ата-энелердин спонсорлордун көмөгү менен ушул жылы 45 миң сомдук балдарга оюнчук жасатканбыз. Ата энелер ар тараптан колдоп келишет телевизор, гилем, цветной принтер алып беришти жардамы чоң бакчага! Мындан сырткары бизди ата-энелер ар тараптан колдоп келишет, өтө тыгыз мамиледе болушуп, балдар биздин келечегибиз деп ата-энелерге өтө раазычылык билдиремин!

 

Республикалык областык райондук иштерге сизди жигердүү катышып алдыңкы орундарды алып келет деп угуп калабыз өзүңүз жетишкендиктериңиз боюнча сөз кылып берсеңиз?

 Областык деңгээлде мыкты бала бакча конкурсуна катышып 2-орунду алганбыз. Бул жерде эмнени айткым келет, жалгыз дарак токой болбойт дейт ушул коллектив менен жакшы адамдардын, ата-энелердин колдоосу менен ушундай ийгиликтерге жеттик.

Мындан сырткары 2018-жылы 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата жылдын мыкты жетекчиси деген дипломго ээ болдук. Мындан сырткары да коп.

 

Балдарга болгон зордук зомбулук боюнча суроо бергим келип турат. Акыркы учурда балдардын, тарбиячысы тарабынан оозун скочтоп койгон сыяктуу фактылар, бир эки жыл алдың болуп өткөн. Сиздердин бакчада балдардын коопсуздугу кандай?

Жакшы суроо болду ата-энелерди копчүлүк учурда ушул суроо кызыктырат. Балам бакчада эмне болду? Тарбиячысыбы же чоң группанын балдары уруп койдубу?- деген коркунуч ойлор болот, аны мен озум энемин жакшы билем. Биринчиден сиздер айткан оозун скочтоп коюу коркунучу боло элек, ушундай окуя болтурбоо учун биз камераларды орнотконбуз. Айыл өкмөтү тарабынан камера коюп берди жалпы баасы 52мин сомдук. Мына ошонун жардамында иш убактысында ар бир бала көзөмөлдө. Мындан сырткары тарбячы, бакчада иштегендерди 2 же 3  мунөт кечикен учурда (күлүп) камера аркылуу коруп чара коруп турам. Тартип орнотконго, коопсуздук сактаганга, жакшы жардам берет экен.

 

Бакчада оозун скочтоп койгонго окшош учурлар катталып калса кандай чара көрмөксүз?  Бакчада балдардын коопсуздугуна өтө көңүл бурам. Андай окуя болушуна жол бербейм, өзүндүн балаңдан дагы бирөөнүн баласынын жоопкерчилиги жогору. Төмөндө айттымго камеранын көзөмөлүндө деп. Бизди чогулушка же башка узакта жакта жургондо да интернет аркылуу көрүп турам. Бети аймалбасын бети көгөрбөсүн деп алладан тилеп иштеп келебиз…

 

Балдарды окутууда өнүктүрүүдө кандай методдорду колдоносуздар?

Балдарды окутуп тарбиялоодо балалык программасын ж.б.у.с колдонуп сабак өтөбүз. Эжекелер ар бир айга, ачык сабактын графигин коёбуз. Ата-энелер балдар тарбиячылар катышып. Ай сайын ачык сабак өткөрүп турабыз.  Биз балдарды окутуп тарбиялоодо, интерактивдүү методорду колдонобуз. Балдарды топ-топко бөлүп, комплекстүү сабак өткөнгө аракет кылабыз. Азыркы мезгилде акылдуу доска менен иштейбиз. Интерактивдүү доскабызды айыл өкмөтү проект жазып утуп алып бакча мектептерди камсыз кылган жалпы баасы 74миң сомдук.  Мындан сырткары азыр заман талабына ылайык тарбиячыларды өз алдынча заманбап техниканы үйрөнүүгө үндөп келем.

 

Жакшы методдорду айттыңыз. Быйыл офлайн форматта окуу жылы башталып отурат. Кокус өзгөчө абал кирип кайрадан карантин болуп жабылса дистанттык окууга даярсыздарбы?

Өткөн жылы өтө кыйналган элек. Быйыл кудайга шугур өз алдынча изденип мугалимдерибиз курс окуп даярдыкты көрүштү. Биз онлайнга да офлайн форматыга да даярбыз.

 

Балдар менен иштешүү оңойбу?

Эртең биринчи сентябрь билим күнү келе жатат. жаңы келген балдар менен иштешүү өтө кыйын, ар түрдүү үй-бүлөөдон, ар түрдүү психологиядагы балдар келет. Алар бир айда бакчанын шартына көнүп үйрөнүп калышат.

 

Балдар менен өткөргөн  жакшы окуяныздан айтып берсеңиз?

Жакшы окуя десен эске тушту. Бул кесипти тандаганда мен анча маани бербепмин бирок эң бактылуу кесип экен. Балдар менен иштеген кандай жакшы? Жан дүйнөсү таза? кимдир бирөөнү жек көрүү сезими жок? Билген нерсесин кубануу менен бөлүшөт. Чоң адамдардын дүйнөсүнө караганда, жаш балдар менен бирге болуу башкачада, аларда алдоо дегенди билбейт артындан сөз кылбайт таза аруулук бактылуулуктун баары балалыкта.

Бул жеке суроо? Негизи эле жашоодо аял кишиде түйшүк көп эмеспи балдарын кароо убагында үй тиричилигин кылуу. Сиз жетекчи айым катары буларга кантип жетишесиз?

Чындыкта балдар менен иштөө өтө оор. Кечинде чарчап өзүбүздүн балабызга да көңүл бурбай, ушул булбулдун деле үнүн уккуң келбей калат экен. Жетекчи айым катары түйшүк бар. Мурун кыйналчуумун, балдарым кичине, иш убактысында ишинди аткаруу, мындан сырткары уй-бүлөдөгү милдетин аткааруу, убактысында тамак даярдоо, балдарым кичине баарына жетишкенден кыйналчуубуз. Азыр жакшы балдарым чоңоюп үй тиричилигин балдарым жасайт.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *