Быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Казинформ” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашканынын бир себеби – адилетсиз шайлоо болгон. Ошондуктан быйыл таза, таза шайлоо болот.
«Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Референдум өткөрүү пландалууда, аны биз дагы таза өткөрөбүз. Жана ушул процесстердин баарында мыйзам баарына бирдей болушу керек – президенттен тартып колуна кетман кармаган дыйканга чейин. Азыр биз мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты орнотуп жатабыз. Албетте, муну бир жылдын ичинде жасоого болбойт. Кырдаалды оңдоо үчүн 2-3 жыл талап кылынат ”, – деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.