«Оңой жардам» коомдук фонду тарабынан Салтанат Саматова атындагы сыйлык негизделди.

Сыйлык КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, алып баруучу Салтанат Саматованын аталган фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсү катары сиңирген эмгегин, кайрымдуулук ишин өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен уюштурулган. Ал онкологиялык ооруга чалдыгып, айыкпас дарт менен күрөшүп келгенине карабай, өмүрүнүн акырына чейин мындай дартка кабылгандарга дем берип, ооруларга багынбоого жана аларды оорулары жөнүндө ачык айтуудан коркпоого үндөп, көптөгөн бейтаптарга дем берип келген.

Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Кочкор районунун Чолпон айылында туулган. Ал көптөгөн радиолордо, телеканалдарда, ошондой эле бир катар мамлекеттик жана жеке тараптык иш-чараларда алып баруучу катары эмгектенген. Бул эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ардак наамы ыйгарылган.

Саматова рак оорусуна чалдыгып, бир нече жыл ушул оору менен күрөшүп келген. Мындан улам жогоруда белгилеп кеткен «Оңой жардам» коомдук фондун түптөөгө салым кошуп, фонд аркылуу өзү сыяктуу бейтаптарга көптөгөн жардамын берип турган.

2018-жылы 15-августта дүйнөдөн өткөн. Сөөгү Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Алгачкы сыйлык ушул жылдын апрель айында тапшырылат. Аны рак оорусуна каршы күрөшүүгө чоң салым кошкон жана кайрымдуулук иштерине катышкан өлкө жарандары ала алат.

Талапкерлерди тандоодо универсалдуу ыкма, маалыматтык ачыктык колдонулуп, атайын эксперттик кароодон өткөрүлөт. Ошондой эле коомдук пикир да эске алынат.

Татыктуу деп табылгандар өлкөдөгү кайрымдуулукту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн «Мен жакшылык кылып жатам», ракка каршы профессионалдык күрөшкө кошкон өзгөчө салымы үчүн «Чакыруу», ракка каршы күрөшүүдөгү тайманбастыгы жана социалдык мааниси үчүн рак менен ооруган адамдарга «Карама-каршы» номинациялары боюнча сыйланышат.

Жеке жана юридикалык жактар байге ээлери боло алат. Бир адам бир гана категория боюнча сыйланат. Сыйлык тапшырылып жатканда, талапкер Кыргызстандын аймагында жашашы керек.

Сыйлыкка көрсөтүлүү үчүн арызды талапкер болууну каалаган адам өзү да, уюмдун ишмердүүлүгүн же белгилүү бир адамдын жетишкендиктерин даңазалоону каалаган үчүнчү жактар да жөнөтсө болот. Документтер фондго 1-мартка чейин тапшырылышы керек. Андан кийин жеңүүчүлөр тастыкталат, сыйлык 30-апрелде тапшырылат.

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *