1-марттан тарта Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөөгө жазгы чакыруу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18 жашка чыккан жарандар аскер комиссариаттары менен биргеликте аскердик каттоодон, медициналык кароодон өтүштү.

Республиканын жыйын пункттарында аскерге чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу аземи бекитилген график боюнча жүргүзүлөт. Алар андан ары мөөнөттүү кызмат өтөй турган бөлүктөргө жиберилет.

Аскерге чакырылгандар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кошуундарында жана бөлүктөрүндө кызмат өтөйт.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *