«Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө» Келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Документте тараптардын соода, инвестициялык жана каржылык алакаларын тереңдетүү жана кеңейтүү маселелери эске алынган.

Фонддун штабы Бишкек шаарында жайгашып, башкаруу Фонддун Кеңеши жана Фонддун Башкармалыгы аркылуу жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, фонд өлкө аймагындагы чарбаларга займ берүү, капиталга катыштыруу жана башка каржылык булактарды пайдалануу ыкмасы аркылуу Кыргызстандагы экономикалык артыкчылыктуу тармактардагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду, анын ичинде төмөнкү багыттардагы каржылоону ишке ашырат:

— агроөнөр жай комплекси;

— тигүү жана текстиль өнөр жайы;

— кайра иштетүү өнөр жайы;

— тоо-кен өндүрүү жана металлургия өнөр жайы;

— транспорт;

— турак-жай курулушу;

— соода;

— ишкерликти өнүктүрүү;

— энергетикалык комплекс;

— инфратүзүмдү өнүктүрүү;

— туризмди өнүктүрүү.

Фонд Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен иштешет, ошондой эле Фонд тарабынан колдоого алынган долбоорлор боюнча техникалык көмөк көрсөтөт.

Фонддун баштапкы капиталы 50 млн АКШ долларын түзөт.

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *