Алимбек Аскар уулу «Кыргызтелеком» ААКнын Чоң-Алай аймактык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Чон-Алай райондук админстрациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Алимбек Аскар уулу Ош Технологиялык Университетинин кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультетин «Байланыш жана комуникация» адистигин аяктаган.
Эмгек жолун
2003-жылы «Кыргызтелеком» ААКтын Чоң-Алай райондук бөлүмүндө электрик болуп иштей баштаган.
2008-жылы — Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун инспектору.
2009-2014 — Сары-Таш-Кара-Мык унаа жолунун инспектору.
2016-жылдан бери «Кыргызтелеком» ААКтын Чоң-Алай райондук бөлүмүндө улук электромонтер болуп иштеген.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.