Август айынын аягында ар бир кыргызстандыктын 731,4 доллардан мамлекеттик карызы бар. Бир айдын ичинде  0,4 долларга көбөйгөн.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 31-августка карата мамлекеттик карыз (тышкы плюс ички) 4 миллиард 827,4 миллион долларды (378 миллиард 797,49 миллион сом) түздү. Анын ичинде 4 миллиард 180,44 миллион доллар (328 миллиард 32,02 миллион сом) — тышкы, 646,96 миллион доллар (50 миллиард 765,47 миллион  сом) — ички.

 

Бир ай ичинде өлкөнүн мамлекеттик карызы 3,39 миллион долларга көбөйгөн. Тышкы карыз 10,84 миллион долларга көбөйсө, ички карыз, тескерисинче, 7,45 миллион долларга азайган.

 

Августтун аягында мамлекеттик карыз ИДПнын 64,96 пайызын түздү.

Баарынан да, республика көп тараптуу жеңилдетилген насыяларга — 1 миллиард 872,87 миллион доллар (тышкы карыздын 44,8 пайызы) жана Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкына — 1 миллиард 778,18 миллион доллар (Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын 42,5 пайызы) карыз.

Булак: 24.kg

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *