Кыргыз мушкери ММА спортунда 15 беттеш өткөрүп, 12синде уткан. Анын ичинен тогуз атаандашын нокаутка кетирген.

 Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу 19-мартта кезектеги беттешке чыгат. Турнирдин расмий постерин аталган промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Eagle Fighting Championship (EFC) 34 мелдеши 19-мартта Россиянын Краснодар шаарында өтөт. Бусурманкул Абдибаит уулуна россиялык Владислав Королевский атаандаш болмокчу.

Кыргызстандык мушкер ММА спортунда 15 беттеш өткөрүп, 12синде уткан. Анын ичинен тогуз атаандашын нокаутка кетирген. Карьерасында үч ирет жеңилүү ызасын тартканы маалым.

Ал эми атаандашы Владислав Королевский 12 жолу таймашка чыгып, 8 атаандашын утуп, төрт мушкерге жеңилген.

 

 

Булак: status.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *