2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.
Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.
Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн саат 13:00дөгү брифингде кошумча маалымат берет.
eldik.media