Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев жону жука, колунда жок калктын аялуу катмарына ун, май сыяктуу керектүү азыктар жардам катары берилет деп жаткан.
 
Анан эле социалдык тармакта өкмөттүн кызматкерлери жакыр үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп кыдырып жүргөн видео тарады.
 
Өкүнүчтүүсү жардам берип жүргөндөр жардамга муктаждардын үйүн кыдырышып, “сенин бир кап унуӊ бар экен, эжеӊ экөөӊ бөлүшүп алгыла”,-деп кайра бирөөнүн азыгын башкага бөлүштүрүп жатат. Жардам бергени курусун. Алар ансыз деле өздөрү бөлүшүп алышат. Ушинтип жардам бербей эле коюшса. Бардан дагы, “Кудайга шүгүр дегиле” деп кекетип коюшканын айтсаӊ, күйөсүӊ да.. 
 
Андан да бир кап унду 10 килограммдан беш кишиге бөлүп бергендерин реклама кылып видеого тартышып, эл көзүнө укмуш жардам кылып жаткандай болгон тайкы акылдарына баракелде дейсиӊ…
 
Ушинтип, келеке, шылдыӊ кылып видеого тартып чымчып берген жардамдарын реклама кылбай эле коюшса болмок деген өӊдүү коомчулукта катуу сын айтылууда…
 
булак: fabula.kg

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *