Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму Премьер-министр Улукбек Мариповдун төрагалыгы астында видеоконференция режиминде өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Өкмөт таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүп жатканын белгиледи.

Жайындын жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы, республикалык штабдын тең төрагасы Нуржан Шайлдабекова маалымат берип, биринчи жолу гендердик теңчилик боюнча мандаттарды карап чыгуу принциби сакталгандыгын айтты.

Премьер-министр бардык шайлоо тилкелерин добуштарды эсептөө үчүн үкөктөр, алыскы райондорду интернет байланышы менен камсыз кылуу керектигин белгиледи.

Эске салсак, 11- апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 420 айылдык кеңеште жана 28 шаарда өтөт.

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *