«Окуган эл озот» аттуу китеп окуу сынагына 82жаштагы айыл аксакал апалары катышкан. Бул тууралуу  аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси билдирди.

6-мартта Н.Нуридинов атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинде «Окуган эл озот» аттуу китеп окуу сынагы болуп өткөн. Айтымында китеп окуу сынагы кызыктуу болгондуктан чон-энелерге чейин катышкан.

«Биздин бакчада «Окуган эл озот» аттуу ата-энелер арасында китеп сынагы өткөрүлдү. Сынакта К.Г.Сальзмандын » Баланы жаман тарбиялоонун жолдору» аттуу китебин окууга 32 адам тартылып, 27ата-эне катышышты. Китеп окуу сынагын өткөрүүнүн демилгечиси райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы П.М. Бактыбаев болсо, демөөрчү, сынакты толук каржылоочулар өзүбүздүн жигердүү республикага чейин төбөлөрү көрүнө баштаган уулдарыбыз Акынбек Эргешов менен Шамшибек Эргешовдор болушту. Сынакта баалуу приздерди райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Сапура Мамытова тапшырды.» деп билдирди

Кошумчалай сынактын кызыктуулугу, анын көркүн чон-энелер ачканын белгиледи.

«Сынакка 82жаштагы айыл аксакалы Алмакан апа, Узбубу эже, Дилбар эже сыяктуу бир нече чоң энелер да китепти окуп катышканы бизди абдан кубандырды. Акырында аксакалдар китеп окууну демилге кылгандарга, демөөрчүлөргө, уюштуруучуларга, катышуучуларга ак батасын беришти.» 

Эске салсак аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин мындай иш чаралар тез арада өтүп турат.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *