Мамлекеттик матрезервден бөлүнгөн унду таратуу учуру. Ош шаары. 6-апрель, 2020-жыл. Сүрөт Ош мэриясына таандык.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 130 тонна ун бөлүнгөн. Ун 5-6-апрель күндөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана социалдык кызматкерлердин катышуусу менен даректерине жеткирилип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди:

«Мамлекет тарабынан бөлүнгөн жалпы 2600 кап ундун алгачкы партиясы — 50 тонна, тагыраак айтканда миң кап ун Ош шаарына келип түштү. Ун аймактык башкаруу башкармалыктарынын жана соцкызматкерлердин катышуусу менен тиешелүү адамдарга бекер таратылып жатат. Соцтармактарда «кайсы бир саясий партия Матрезервдин унун өзүнүн атынан таратып жатат» деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деди Абсаттаров.

Басма сөз катчынын маалыматына караганда, Матрезервден бөлүнгөн ундун калганы 80 тоннасы комиссия аркылуу муктаж үй-бүлөлөргө таратылат.

6-апрелде айрым жарандык активисттер «Фейсбукка» «Ош шаарында бир саясий партия Матрезервдин унун өзүнүн атынан таратып жатат» деген маалымат жазышкан.

12-апрелде Ош шаардык кеңешине шайлоо болмок. Өзгөчө абалдан улам жылдырылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого Ош шаарынан тогуз партия катышууда.

 

Булак: azattyk.org

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *