Ош шаарында 15 жаштагы кызга кош бойлуулук жана бойдон түшүү фактысы менен КЖБР катталган. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине жазып чыкты.
Сотко чейинки өндүрүш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Он алты жашка чыга элек адам менен сексуалдык аракеттер” беренеси боюнча жүргүзүлүп жатканы көрсөтүлгөн.
«Милицияга жашы жете элек бейтап тууралуу билдирүү 6-декабрь күнү саат 13.30 чамасында келип түшкөн. Кыз 15 жашта. Полиция өспүрүмдүн ата-энесин суракка алууда, иштин бардык жагдайлары текшерилүүдө », – деп билдирди ШИИБ.
Эске салсак, Ош шаарында 15 жаштагы кыз бойдон түшүп калган . Өспүрүм Ош облустук төрөт үйүнө кансырап жаткырылды. Түйүлдүк 16-17 жума болгон.