Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин аты Батыралы Сыдыков атындагы “Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети” болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, мындай чечим коомчулуктун суроо-талабы боюнча кабыл алынган.
«Жергиликтүү коомчулуктун суроо-талабы боюнча, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин 2021-жылдын 15-январындагы 25/1 буйругунун негизинде, КР Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык, “Кыргыз-Өзбек университетинин” аталышы Кыргыз Республикасынын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, философия илимдеринин доктору “ Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети” деп өзгөртүлдү (күбөлүктүн каттоо № 65654-3310-М-е).»

Батыралы_Сыдыковдун_өмүр_таржымалы
Батыралы Сыдыков 1939-жылдын 27 –октябрында Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1968-жылы Москвадагы Ветеринардык академияны аяктап, Ош облусундагы мамлекеттик асыл тукумдаштыруу станциясында башкы адис, директор болуп эмгектенген. 1976-жылы Сузак районунун айыл чарба башкармасынын жетекчиси, 1978-жылга чейин партиянын райондук комитетинин экинчи секретары болуп иштеген.

1976-1982-жылдары Кыргызстан компартиясынын Ош облустук комитетинин айыл чарба бөлүмүн жетектеген.

1983-жылы Эл аралык класстагы жогорку окуу жайды – КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясын (КИА) бүтүрүп, Кара-Суу райаткомунун төрагасы болуп дайындалган.

1990-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Ош облусунун акими-губернатору кызматына дайындоо жөнүндөгү жарлыкка кол койгон.

Б.Сыдыковдун жеке демилгеси менен Өзбекстандын Президенти И. Каримовдун 1992-жылдын 15-мартындагы биринчи визити Ош шаарында өтүп, бул окуя улуттар аралык биримдиктин жигердүү улантылышына жагымдуу шарт түзүлгөн.

Б.Сыдыков Ош облусунун губернатору катары иштеп жаткан учурда Ош облусунда Курманжан Датканын 180 жылдыгы, Алишер Навоинин 550 жылдыгы сыяктуу ири иш-чаралар өткөрүлгөн. Жергебизде жашаган баардык этностордун маданий баалуулуктарын, салт-саанасын өнүктүрүүгө бирдей камкордук көрүү максатында түптөлгөн Кыргыз-Өзбек университетинин ачылышына өзгөчө салым кошкон. Бул иш чаралар тарыхый тамыры бир коңшулаш эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, социалдык- маданий багыттагы байланышынын күчөтүлүшүнө негиз болгон.

1995-жылы Б. Сыдыков Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси катары дипломатиялык кызматка жиберилген. Ташкентте ал тарабынан Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын коому уюштурулган. 1996-жылдын декабрь айында Ташкентте элчиликтин расмий ачылышы өткөрүлүп, эки өлкөнүн мамлекет башчылары катышкан. Эки тараптуу дипломатиянын тарыхында биринчи жолу “Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы түбөлүк достук” жөнүндөгү келишимге кол коюлган.

2000-жылы “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн социомаданияттык модели” деген темадагы докторлук диссертациясын коргогон.

2001-жылы декабрь айында 7 жылдык дипломатиялык иштен кийин Б. Сыдыков К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин ректору болуп дайындалат. Бул окуу жайда 7 жыл жетекчилик кызматын аркалаган.

Сыйлыктары:
“Ардак белгиси ” ордени, “За доблестный труд” медалы, Бүткүл союздук айыл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн алтын медалы, Кыргыз тилин өнүктүргөндүгү үчүн “Эмгеги сиңирген инсан”, “КРнын 10 жылдыгы”, “КРнын Жогорку кеңешине 70 жыл”, “КР ТИМдин 70 жылдыгы” төш белгилери жана 2010-жылы “Ош облусунун даткасы” деген ардактуу наам менен сыйланган.
• Легендарлуу парламенттин депутаты
• “Экосан” Эл аралык фондусунун, Ташкенттеги Рим клубунун филиалынын мүчөсү, Өзбекстандын философтор коомунун ардактуу мүчөсү,
• КазУАУнун, Кыргыз УАУнун ардактуу профессору,
• Кыргызстан улуттук академиясынын философия жана укук таануу институтунун окумуштуулар кеңешинин мүчөсү,
• КРнын инженердик академиясынын мүчөсү, 3 монографиянын жана 35 илимий эмгектердин автору.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *