Ош шаарында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча айыпталып камакка алынган Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басарын колдогон митинг аяктады.

Акцияга 15 миңден ашуун адам катышкандыгын уюштуруучулар билдиришти. Бирок, окуяга күбө болгондордун айтымында, митингге 3 миңден ашык адам катышкан жок.

Коррупцияны мойнуна алган экс-чиновникти колдоо үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Табылды Тиллаев, Бактыбек Райымкулов, Илхом Маннанов жана Райымбектин бир тууганы Искендер Матраимов дагы келишти. Алардын бардыгы октябрь айындагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынан ат салышкан.

Митингде сөз сүйлөгөн Мирлан Бакиров Ошко өз оюн билдирүү үчүн атайын келгенин айтты.

“Урматтуу жыйындын катышуучулары, биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз. Адвокат айткандай, мыйзамга ылайык, өлкөнүн ар бир жараны өз оюн ачык айта алат. Бардык жерде адилеттүүлүк болуш керек деп айткым келет. Ким болбосун, “Азаттык”, “Клооп”, кандай гана маалымат каражаттары болбосун объективдүү жана туура чагылдырышы керек. Эгерде маалымат булагы туура эмес болсо, эл аны кандай кабыл алат, алар эмне болуп калат? Бүгүнкү күнгө чейин бурмаланган, туура эмес маалыматтар болгон. Мен муну эмне үчүн айтып жатам? Ага чейин депутаттык комиссия түзүлгөн. Жети ай ичинде ал Райымбек Матраимовдун иши боюнча тергөө жүргүзүп, анын өлкөдөн алынган 700 миллион доллардын жети тыйынына дагы эч кандай тиешеси жок деген бүтүмгө келген », — деди ал.

Эл өкүлү соттордо, тергөө органдарында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында адилеттүүлүккө жана объективдүүлүккө чакырды.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов 18-февралда кармалган . Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата УКМКнын СИЗОсунда эки айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады . Ага кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча айып тагылууда  . Камерада мурунку бажы кызматкери ден-соолугунун начарлап бараткандыгына нааразы болуп, ал жеке клиникага жаткырылды.

 

Булак: 24.kg

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *