Пакистан соту коомдогу порнографиялык жүрүм-турумду чагылдырган видеотасмалары менен популярдуу болгон «Tik-Tok» социалдык тармагына тыюу салды. Бул тууралуу «Dawn» гезити жазып чыкты.

«Tik-Tok» сайтына жүктөлгөн видеолор Пакистан коомуна туура келбейт»,— деди сот.

Маалымат агенттиги бул боюнча «Tik-Tok» компаниясынын кызматкерлерине суроо-талап жөнөтүлгөнү, бирок жооп алына электигин жазган.

Былтыр октябрда Пакистанда адеп-ахлаксыздыкка байланыштуу эскертүүлөрдөн улам «ТикТокко» тыюу салынган. Бирок, кийинчерээк социалдык тармак өлкөнүн мыйзамдарына туура келген шартта калыбына келтирилген.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *