Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 10-январга белгиленди. Мындай чечим БШКнын отурумунда кабыл алынган БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Мыйзамга ылайык, президент кызматтан кеткенден кийин мөөнөтсүз шайлоо үч ай ичинде өтүшү керек. Эгер парламент президент кызматтан кеткенден кийин бир жума ичинде шайлоо күнүн белгилебесе, сегизинчи күнү шайлоо расмий түрдө белгиленди деп эсептелет. Ага байланыштуу шайлоону 2021-жылдын 10-январында өткөрүү сунушталган.

БШКнын мүчөлөрү шайлоону 10-январда өткөрүү сунушун колдогон.

2017-жылдын 1-октябрында шайланып, ошол эле жылдын 15-октябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Президенти кызматын аткарууга киришкен Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кызматын тапшырып берген.

Ошол эле күнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Сооронбай Жээнбековго экс-президент статусун берүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Булак: maralfm.kg

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *