Бажы кызматынын төрагасынын мурагы орун басары Райымбек Матраимов түрмөдө отурган күндө деле, системасы иштеп жатат. Бул тууралуу Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Ал өзү жандуу системага айланып кетип, Матраимов катышабы, катышпайбы белгисиз, мен да билбейм. Бирок байкасак, ошол система дагы эле иштеп жатат. Алар чет мамлекеттерге чейин тамыр жайып жиберишиптир, ага биздин президенттердин алы жетпей жатпайбы. Матраимов бийликке таасир этип жатат. Камаса деле чыгып кетүүдө. Бул абдан коркунучтуу. Бул система иштеп турса, мамлекет катары да жоголуп кетишибиз ыктымал», — дейт Шабданалиев.

Анын айтымында, Кытайдын Кыргызстан менен иштешүүгө кызыкдар болбой жатканына Матраимов залакасын тийгизүүдө. Кытайларга таза, ачык-айкын система керек. Алар да жалгыз кишинин байышына каршы.

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *