ЖАПАРОВ САДЫР НУРКОЖОЕВИЧ. 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.

Ата теги: Нуркожо, Мусталый, Жапар, Көчкүн, Солтонкул, Алыбай, Бирназар, Алдаш, Белек, Жамангул, Алсейит, Мырзакулмырза, Орозбак, Сарбагыш, Тагай, Агуул, Долонбий.

1986

1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган.

1989

1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган.

1991

1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген.

1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы.

1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын генералдык директору.

2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган.

2005

Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы “Жоогазын” революциясынан кийин аралашкан. 2005-жылы март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайланып келет.

2006

2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү.

2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

2007-жылы 22-октябрда президент К.Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, С.Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтотот.

 

2008

2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенет.

2009-жылы мамлекет алдында сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын медалы менен сыйланган.

2010-жылы Россиялык Афганистан ардагерлер Союзунун атынан (Афганистан ардагерлер Союзунун Россия Борбордук башкармасынын 2009-жылдын 7-декабрындагы № 485чи чечиминин негизинде) “Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

2010-жылы 7-апрель революциясынан көп өтпөй Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы улуттар аралык жаңжалда Садыр Жапаров өзүнүн жакын санаалаштары менен бирдикте согушту токтотуп, тынчтыкты орнотушат.

2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилет.

 

2012

2012-жылы депутат катары Ысык-Көлдөгү көйгөйлөрдү жана жалпы эле кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн “Кумтөр” алтын кениндеги коррупциялык схемалардын айыбын ачуу менен катар экологиялык көйгөйлөрдү, компанияны улутташтыруу демилгесин парламентте байма-бай көтөрүп чыгат. Ушул кадамдары менен Садыр Жапаров коомдук ишмер катары калың элге кеңири таанылат.

2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 295чи статьясы («бийликти күч менен басып алууга аракеттер көрүлгөн») боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажырайт. Бирок, 2013-жылы март айында Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулат.

2013

2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында “Кумтөр” маселеси боюнча эл митингге чыгып, ал кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынат. Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийин Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирсе да, ал кездеги А.Атамбаевдин бийлиги саясатчыга куугунтуктоо иштерин уланта берет.

2017

Садыр Жапаров төрт жыл бою Польша мамлекетинде жашап, 2017-жылы өз өлкөсүнө кайтууну чечкен. 2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасынан Садыр Жапаров түз эле УКМКнын абагына жеткирилип, “массалык башаламандык уюштурган жана Эмилбек Каптагаевди барымтага алган” деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылат.

2020

2020-жылдын 5-октябрь күнү бийлик өз ресурстарын колдонду, парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмаланып, акыйкатсыз өттү деген калың эл аянтка нааразычылык акциясына чыгышты.

5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү жалаң жаштардан турган топ саат 02:30да С.Жээнбековдун бийлигин кулатты.

Көптөгөн элдин колдоосу менен Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1чи колониядан бошотулуп, “Достук” мейманканасында өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалды.

2020-жылдын 15-октябры мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков бийликти өз каалоосу менен өткөрүп бергенден кийин парламенттин колдоосу аркылуу Садыр Жапаров – Кыргыз Республикасынын президентинин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп ишке киришти.

Садыр Жапаров – 2020-жылдын 14-ноябрь күнү мамлекеттик жооптуу кызматтарга бир катар кызматкерлерди дайындоолор үчүн буйрукка, анын ичинде Мамлекеттик Чек ара кызматын УКМКнын курамына кошулуусуна буйрукка кол койгон соң, 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосуна талапкерликке аттануу үчүн арыз жазып, президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берди.

 

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *