Ноооруз (фарси тилинен «руз» жана «ну» деген эки сөздүн бирикмесинен туруп, «жаңы күн» деп которулат) — Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрам. Ошентип «Нооруз» — «жыл башы», «жаңы жылдын башы» майрамы.

Ал эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет. Мүчөл сүрүү эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет.

Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты «жыл ажыраш» деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин, мал-салды:

Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас — деп аласташкан.

Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.

Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон.

Илгери нооруз күнү бир кош өгузгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чыгышып, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан.

Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.

chonalay.kg сайты жалпы кыргызстандыктарды анын ичинде өзгөчө Чоң-Алай элин Нооруз майрамы  жыңы жыл, жаз жаңырышы майрамы менен куттуктайт!

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *