Премьер-министр Улукбек Марипов тоо-кен өндүрүшчүлөрүнүн жана геологдорунун ассоциациясынын жана Эл аралык ишкер кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

2020-жылдын 6-октябрынан кийинки коомдук-саясий кырдаал көптөгөн кен компаниялардын токтошуна алып келди. Өткөн жылы кен ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджетке 18 млрд 204 млн 37 миң сом түшкөн, 2019-жылкы киреше 12 млрд 999 млн 254 миң сомду түзгөн.

Ассоциациянын мүчөлөрү кен иштетүү тармагынын негизги кемчиликтерин белгилешти. Алардын берген маалыматына караганда, аталган тармакта кен пайдаланууну мыйзамдуу жөнгө салуу, кесипкөй кадрлардын, бюджеттик каражаттын жоктугу, саясий туруксуздук, жергиликтүү тургундар менен пикир келишпестик сыяктуу көйгөйлөр бар.

Эксперттер ошондой эле кен иштетүү жаатында тармактык мамлекеттик органды сактап калуу жана кен пайдалануу тармагында туруктуу ишти камсыздоо, кесипкөй эксперттик-коомчулук институтун түзүү, Улуттук илимдер академиясы менен кызматташууну жандандыруу зарылдыгын белгилешти.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *