Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы куттуктоосунда улуттун улут катары сакталып, өнүгүүсү тили, нарк-насили, тарых-таржымалы жана маданияты менен түздөн-түз байланышта экенин белгилеген.

«Ак кар-көк муз жаткан аскар тоонун элесин чагылдырган ак калпак баштаган улуттук кийимдерибиз дал ушул кыргыз маданиятынын ары көөнө, ары сыймыктуу, ары маанилүү, ары ыңгайлуу элементи экени талашсыз. Бекеринен “Ак калпак кыргыз” деп айтылбаса керек. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда да ар бир кыргыз баласын ак калпаксыз элестетүү мүмкүн эмес», — деп жазылган анда.

Мамлекет башчы төбөсү төгөрөктүн төрт бурчун, кыры ак кар баскан Ала-Тоону элестеткен улуттук баш кийим жазда жаан, жайда ысык, күздө жел, кышта суук өткөрбөгөн мыкты табылга, ата-бабадан калган тарыхый мурас эана кийинки муундар үчүн мааниси зор таберик экенин белгилеген.

Кыргызстанда 5-март Ак калпак күнү 2011-жылдан баштап бейрасмий белгилене баштаган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп бекитилген.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *