Кыргызстанда биринчи BELES жүргүнчү автобусу чыгарылды. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары билдиришти.

Маалым болгондой, бул автобус европалык DAF концерни менен бирге чогултулган. Өндүрүш жана жыйноо толугу менен Кыргыз Республикасында жүргүзүлөт.

«Урматтуу достор! Бүгүн KGде жасалган биринчи жүргүнчү автобусу BELES европалык DAF концерни менен бирге өндүрүштөн чыкты. Бул колго чогултулган биринчи автобус. Ишкана долбоорду жакшыртып, бардык кемчиликтерди текшергенден кийин газ менен жүрүүчү шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды жана электр кыймылдаткычын чыгаруучу конвейерди орнотууну пландоодо. Биздин автоөндүрүүчүлөрдүн тезирээк ийгилигине үмүттөнөм», — деп жазган Генри аттуу колдонуучу өзүнүн Twitter баракчасында.

Көрсөтүлгөн үлгүнү кыргызстандыктар жогору баалап, ичи кенен, түс схемасы жагымдуу, майыптар үчүн салонго коляска менен түшө ала турган кошумча мүмкүнчүлүктөр каралганын белгилешти.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *