Салык органдары жана бажы кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын январь айына салык, бажы жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча белгиленген план ашыра аткарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 30-январга карата Салык кызматы тарабынан республикалык бюджетке 8 миллиард 574 миллион сом салык жыйналды. Белгиленген план 106,4 процентке аткарылды. Ал 514,6 миллион сомго ашык аткарылган. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 3 млрд 436,1 млн сомго көп чогултулган (өсүү темпи – 166,9 пайыз).

Бажы кызматы 3 млрд 359,8 млн сом белгиленген план менен үстүбүздөгү жылдын январь айында (бир күндүк эсепке албаганда) 4 млрд 368,3 млн сом чогулткан. Белгиленген план 130 процентке, же 1 миллиард 8,5 миллион сомго ашык аткарылды. Былтыркыдан айырмаланып, өсүш 2 миллиард 388,4 миллион сомду түздү.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *