2024-жылдын февралынын жыйынтыгында Улуттук банктын активиндеги алтындын көлөмү 49,98 тоннаны түздү. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирди.

“Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык Министрлер кабинети менен Улуттук банк өлкөдө өндүрүлгөн алтынды биринчи сатып алуу артыкчылыгына ээ. Ошол эле маалда Улуттук банк алтынды сатып эле албай, кайра эл аралык базарда дүйнөлүк баа менен сатыкка да чыгара алат. 2023-жылы биз тышкы рынокто 17 тонна 65 кг алтынды 1 млрд 88 млн АКШ долларына сатканбыз. Андан түшкөн каражат Улуттук банктын эсебине жана биздин эл аралык резервдерибизге түшкөн”, – деди Кубанычбек Бөкөнтаев.

Кыргызстандын бийлиги канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине 2021-жылы тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган. Ошондон бери анын алтынын дүйнөлүк биржалык баанын чегинде Улуттук банк сатып алып келет.

Улуттук банк 2023-жылдын августундагы билдирүүсүндө алардын кампасында 49,8 тонна алтын бар экенин, анын 17,1 тоннасы эл аралык резервде, калганы жөн гана запас катары сакталып турганын маалымдаган. 2023-жылдын 31-декабрына карата алтындын көлөмү 48 тоннага түшүп калган.

2024-жылдын январь айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резервдери 3 млрд 313,49 млн долларды түзгөн. Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып, кармалат.

Эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого, баалардын туруктуулугун колдоого, мамлекеттин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин тейлөөгө жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын рынокко сатып турат.

Булак: Азаттык

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *